Abank
SerepTV Logo

16-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 16-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+11, күндүз +22…+27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн+9…+14, күндүз +22…+27; Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28 градус жылуу болот. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15°, күндүз +27…+29° жылуу болот.