Abank
SerepTV Logo

16-18-январь күндөрү тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

16-18-январь күндөрү тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн
16-январдан 18-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында, Каракол - Эңилчек жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлөт.