Abank
SerepTV Logo

15-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25, Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +23…+25 градус болот.
Unknown Author