Royal
SerepTV Logo

15-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 15-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4, Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5. Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +3…+5 градус