Abank
SerepTV Logo

15-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

15-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 15-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8, Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5, Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5, Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +6…+8 градус болот.