Abank
SerepTV Logo

15-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 15-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25; Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25 градус жылуу болот. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.