15-19-май күндөрү Боомдо таш түшүрүү иштери жүрөт
Боом капчыгайында 15-19-май күндөрү таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
"15-майдан 19-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Жумуштар ИИМдин кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө", - дешти.