Royal
SerepTV Logo

14-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

14-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 14-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2, Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4, Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+4 градус.