Abank
SerepTV Logo

14-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

14-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 14-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40, Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +36…+41, Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.