Abank
SerepTV Logo

14-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

14-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 14-августта түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Талас, Жалал-Абад Баткен облусунун тоолуу аймактарында жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25; Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28 градус жылыйт. Бишкек шаарында өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +25…+27 градус болот.