14-17-февраль күндөрү тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн
14-февралдан 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 58-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 2-чакырымында кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл", - деп айтылат маалыматта.