Abank
SerepTV Logo

13-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

13-январга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 13-январда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -11…-16; Жалал-Абад, Баткен, Ош , Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14; Нарын облусунда түнкүсүн -25…-30, күндүз -13…-18; Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -21…-23, күндүз -12…-14 градус болот.