Abank
SerepTV Logo

13-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 13-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде,  Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде,  Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.