Royal
SerepTV Logo

13-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 13-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде карга айланат. Тоолуу райондордо кар жааса, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +5…+10; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +10…+15; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17; Нарын облусундатүнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16 градус жылыйт. Бишкек шаарындамезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +8…+10 градус болот.