Royal
SerepTV Logo

13-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +2…+4 градус.