Abank
SerepTV Logo

13-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 13-майда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28, Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23. Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…+27 градус болот.