Royal
SerepTV Logo

13-15-март күндөрү өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

13-15-март күндөрү өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт
13-15-март күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин аба ырайын маалымдоо бөлүмүнүн башчысы Нуризат Доороновага шилтеме берип Акипресс жазды.

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт.

13-мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

13-мартта күндүз жана 14-15-мартта абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт:

- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз -1...+4° жылуу;

- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6°, күндүз -3...+2° суук;

- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3...+2° суук, күндүз 4...9° жылуу;

- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1...-6°, күндүз -3...+2° жылуу;

-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10...-15°, күндүз -3...-8° чейин;

- республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -2...-7°, күндүз -4...+1° суук;

- республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -10...-15°, күндүз -4...-9° чейин;

- Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16...-21°, күндүз -6...-11° болот.