Royal
SerepTV Logo

12-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 12-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде жана Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус болот.