Abank
SerepTV Logo

12-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 12-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30, Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24, Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24. Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +28…+30 градус болот.