Abank
SerepTV Logo

"12 жылдан бери ӨКМде иштеп келген". Чек арадагы атышууда 35 жаштагы лейтенант көз жумду

"12 жылдан бери ӨКМде иштеп келген". Чек арадагы атышууда 35 жаштагы лейтенант көз жумду

Баткен шаарынын тургуну 1987-жылы туулган лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович чек арадагы атышууда көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал 2010-жылдан бери ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан. 16-сентябрда кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты.

Артында 3 уулу, жубайы калды.