Abank
SerepTV Logo

12-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

12-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 12-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2, Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз  -4…+1, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6, Ысык-Көлдө түнкүсүн  -6…-11, күндүз  0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9, Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз +3…+5 градус болот.