Abank
SerepTV Logo

12-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 12-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +19…+24, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25, Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26. Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +20…+22 градус болот.