Abank
SerepTV Logo

12-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 12-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27; Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26 градус жылыйт. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +26…+28 градус ысык болот.