Abank
SerepTV Logo

12-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 12-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Аба температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22, Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22, Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13. Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +19…+21 болот.