12-13-октябрь күндөрү Бишкек жана Чүйдөгү айрым көчөлөр жабылат
13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын төмөнкү көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.
Алар:
? Манас аэропорту жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
? Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
? Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
? Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” резиденциясына чейинки бөлүгү;
? “Ала-Арча” резиденциясынан тартып, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин;
? Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин.
?Эскертүү: Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо кошумча маалымат берилет.
data-instgrm-version="14">
Посмотреть эту публикацию в Instagram