Royal
SerepTV Logo

11-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 11-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз +3…+8, Нарын облусунда түнкүсүн -17…-12, күндүз -7…-2. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +7…+9 градус жылуу.