Abank
SerepTV Logo

11-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 11-июлда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн айрым жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37, Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29, Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.