Abank
SerepTV Logo

11-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

11-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 11-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5, Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5, Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10, Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -3…-5 градус болот.