Abank
SerepTV Logo

11-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 11-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29; Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27; Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +31…+33 градус ысык болот.