Royal
SerepTV Logo

10-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 10-январда Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +15…+17 градус жылуу.