Abank
SerepTV Logo

10-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 10-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10; Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -7…-12; Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -5…-10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7; Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -11…-16; Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -7…-9 градус болот.