Royal
SerepTV Logo

10-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 10-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21, Нарын облусунда түнкүсүн -1…+6, күндүз +17…+22. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +24…+26 градус болот.