Abank
SerepTV Logo

1-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-ноябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15, Талас облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13. Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +11…+13 градус жылуу болот.