"1 миллионду жерге көмүп". Жапаров өкмөттүк кызматкерлерге эскертүү берди
"Айыл өкмөт, аким, мэрлерге бул эскертүү - бул жеке эле буларга эмес, министрликтерге, өкмөттүк кызматкерлерге эскертүү" деди Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып.
"Мурдагыдай болбойт. 1 миллион сомго бир нерсе салдык деп аны көмүп, аны 300-400 миң сомго салып койгон болбойт. Жол бербейбиз. Биз мындайларга 5-10 эсе көп кайтармайын түрмөдөн чыкпайт деп мыйзамга өзгөртүү киргизгени жатабыз. Болбосо, жеген акчаны төлөтсөк, бул адат болуп калат экен", - деди Жапаров.