Royal
SerepTV Logo

1-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-мартта Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Тоолорго кар түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +2…+7, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…+4 градус жылуу болот