Abank
SerepTV Logo

1-июнга карата өтүүчү бир катар маданий иш-чаралардын тизмеси

1-июнга карата өтүүчү бир катар маданий иш-чаралардын тизмеси
Эртең, 1-июнга карата Бишкекте өтүүчү бир катар маданий иш-чаралардын тизмеси менен Маданият министрлиги бөлүштү. Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын сахнасында “Салтан падышанын жомогу” аттуу балдар спектакли өтөт. Кирүү акысыз. Башталышы 11:00. Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын алдында майрамдык иш-чаралар өтөт. Башталышы: 11:00-15:00 чейин. Ошол эле китепканада Эринес Оторбаевдин “Мен Илбирс” китебинин бет ачары Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU) коомдук уюму менен биргеликте өткөрөт. Башталышы 11:30. Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры “Театрдагы түнгө” чакырат. Театрга келип классикалык музыканын, хореографиянын жагымдуу ыргактарына күбө болуп кетиңиздер. Башталышы 22:00. Билет баасы 300 сом.