Abank
SerepTV Logo

1-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30, Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +24…+29, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+26. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30 градус болот.