Abank
SerepTV Logo

"1-июнга чейин бүтпөсө, башкача сүйлөшөбүз!". Транспорт министри подрядчыга катуу эскертүү берди

"1-июнга чейин бүтпөсө, башкача сүйлөшөбүз!". Транспорт министри подрядчыга катуу эскертүү берди

Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы жолдун бир тарабы 1-июнга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, туристтик сезон башталганга чейин төрт тилкелүү жолдун эки тилкесин бүтүрүүнү тапшырган. Министрлик тараткан видеодон министрдин Ысык-Көлдө жол куруп жаткан кытайлык подрядчыга катуу эскертүү бергени тартылган.