1-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 1-февралда Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10, Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10, Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз +7…+9 градус болот.