Royal
SerepTV Logo

1-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5, Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+6, күндүз +1…+6, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1, Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12. Бишкекте кечке жуук кар жаашы мүмкүн, туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…-3 болушу күтүлөт.