Royal
SerepTV Logo

1-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12, Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз +2…+7. Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +7…+9 градус болот.