Royal
SerepTV Logo

1-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-2, күндүз +11…+16, Талас жергесинде түнкүсүн -1…-3, күндүз +10…+15, Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +14…+16 градус жылуу болот.