Abank
SerepTV Logo

1-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25, Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16 градус. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус болот.