VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү
6-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта Бишкек шаарындагы жаңы курулган «Бишкек Аренада» расмий ачылып, 6-сентябрга чейин уланды. Иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн келген спортчулар, делегациялар, маданият өкүлдөрү жана коноктор катышты. Оюндардын алкагында улуттук спорттун бир катар түрлөрү боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды. Ошондой эле Кырчын жайлоосунда көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана салттуу жашоо образын чагылдырган кеңири маданий программа уюштурулду.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөө жылы өтүп, өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарын жана улуттук спортун эл аралык деңгээлде таанытууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кийинки, VII баскычы Россия Федерациясынын Татарстан Республикасында өткөрүлөт.