Голливуд жылдызы Бай Лин Кыргызстанга келет
Белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин (Bai Ling) кыргызстандыктарга кайрылып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышуу үчүн Кыргызстанга келерин билдирди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Өзүнүн кайрылуусунда актриса алдыда өтө турган эл аралык иш-чарага кызыгуусун билдирип, Кыргызстанга келип, өлкөнүн маданияты, каада-салты жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасы менен таанышууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.
Бай Лин — кытай тектүү, Голливудда жана эл аралык кинодолбоорлордо жараткан ролдору аркылуу дүйнөлүк деңгээлде таанылган актриса. Ал дүйнө көрүүчүлөрүнө «Карга» (1994), «Кызыл бурч» (1997), «Анна жана король» (1999), «Такси 3» (2003), «Асман капитаны жана келечектеги дүйнө» (2004), «Адреналин 2: Жогорку чыңалуу» (2009) жана башка тасмалардагы ролдору менен кеңири белгилүү. Бай Лин көп жылдык чыгармачылык жолунда ондогон көркөм тасмаларга жана теледолбоорлорго тартылып, дүйнөлүк киноиндустриянын белгилүү режиссёрлору жана актёрлору менен кызматташкан.
Голливуд актрисасынын Кыргызстанга келиши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы дагы бир маанилүү эл аралык окуя болуп, Оюндар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өкүлдөрдү, маданият, спорт жана искусство чөйрөсүндөгү белгилүү инсандарды жана ардактуу конокторду бириктирет. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт. Оюндар көчмөн элдердин бай мурасын дүйнөлүк коомчулукка кеңири таанытып, салттуу спорт түрлөрүн, маданиятты, искусствону жана улуттук каада-салттарды бир аянтчага бириктирет.