Филармонияда "Манас" спектакли акысыз көрсөтүлдү
Кечээ, 21-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун ыр-бий ансамбли тарабынан даярдалган “Манас” музыкалык-хореографиялык спектаклинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин, мамлекеттик органдардын жетекчилери, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү жана коомчулук катышты.
Министр өз сөзүндө Кытай Эл Республикасында жашаган кыргыз боордоштордун улуттук маданиятты, тилди, каада-салтты жана руханий мурасты сактап, өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын өзгөчө белгиледи. Көрүүчүлөргө тартууланган “Манас” музыкалык-хореографиялык спектакли музыка, бий жана сахна өнөрүнүн айкалышы аркылуу кыргыз элинин улуу эпосунун көркөм дүйнөсүн ачып берди. Спектаклде элдин биримдиги, мекенчилдик, эрдик, ынтымак жана руханий баалуулуктар сыяктуу түбөлүктүү түшүнүктөр көркөм чечмеленди. Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун ыр-бий ансамблинин чыгармачыл жамаатынын аткаруусундагы спектакль көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, кыргыз маданиятынын жана “Манас” эпосунун эл аралык деңгээлдеги маанисин дагы бир ирет көрсөттү.
Ансамблдин гастролдук программасынын алкагында “Манас” музыкалык-хореографиялык спектакли бүгүн, 22-августта саат 19:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында кайрадан көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.