«Депрессиядан дарыланып жатам». Галым Калиакбаров Алматыдагы концертин эмне үчүн токтотконун түшүндүрдү
Стендап-комик Галым Калиакбаров Алматыда өтүшү керек болгон концертин эмне үчүн токтотконун түшүндүрдү. Астанадагы жаңжалдан кийин артист «депрессиядан дарыланып жатканын жана азырынча сахнага чыгууга даяр эмес экенин» билдирди. Бул тууралуу Орда басылмасы жазды.
Калиакбаровдун концерти 21-августта Central Stand Up Club клубунда өтүшү керек болчу. Уюштуруучулар иш-чараны алардан көз каранды болбогон себептерден улам токтотушканын алдын ала билдиришкен. Ошондой эле билеттердин акчасы кайтарыларын убадалашкан.
Бүгүн комик өзү бул жагдайга түшүндүрмө берди.
«Башымдан өткөн окуялардан кийин концерттеримди өзүм токтоттум. Азыр депрессиядан дарыланып жатам, бул окуя мага таасир этти. Азырынча сахнага чыгууга даяр эмесмин», — деп жазган стендап-комик.
Ал бардык көрүүчүлөргө билеттин акчасын кайтарып берүүнү жана кийинки концертине билеттерди белек кылууну убада кылды. Мындан тышкары, комик Алматынын акимдигинен кечирим сурады. Концерт токтотулгандан кийин шаар бийлигине карата терс пикирлер айтылган. Бирок артисттин акимчиликке эч кандай дооматы жок экенин билдирди.
«Бул концертти өзүм токтоттум. Алматынын акимчилигине эч кандай доом жок. Тескерисинче, алар бизге концерттерди өткөрүүгө дайыма уруксат берип келишкен. Силерге да терс пикирлер тийип кеткенине кечирим сурайм», — деп жазган Калиакбаров.