Чет өлкөгө сапарга чыкканда камсыздандыруу: эмне үчүн ар бир сапардын алдында Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу полисин тариздөө керек?
Билет сатып алуу, мейманкана брондоо жана чемодан жыйноо — эс алууга даярдануунун көнүмүш бөлүгү. Бирок чет өлкөдө дарыгерге жөнөкөй эле кайрылуу же каттамдын кечиктирилиши да күтүлбөгөн олуттуу чыгымдарга алып келиши мүмкүн.
Өзүңүздү жана бюджетиңизди коргоого MBANK колдонмосу аркылуу оңой эле тариздөөгө мүмкүн болгон чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу полиси жардам берет.
Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу кандай иштейт?
Полис күтүлбөгөн жагдайларда каржылык колдоо көрсөтөт. Негизги камсыздандыруу пакети төмөнкүлөрдү камтыйт:
-
Шашылыш медициналык жардам;
-
Ташуу жана медициналык эвакуация;
-
Мекенине мөөнөтүнөн мурда кайтуу;
-
Жүктүн жоголушу, бузулушу же кечигип жетиши.
Сапарыңызда өзүңүздү мүмкүн болушунча ишенимдүү сезүү үчүн камсыздандырууга жүктүн жоголушунан же кечигип жетишинен коргоону, ошондой эле каттамдын убактысы өзгөргөндө же токтотулганда компенсация алууну кошсоңуз болот. Керектүү кошумча кызматтарды өзүңүз тандайсыз.
Камсыздандырууну онлайн тариздөө
MBANKта үч тарифтик топтом бар: Стандарт, Голд жана Премиум. Алар төлөнүүчү компенсациянын чеги жана камтылган тобокелдиктердин тизмеси менен айырмаланат. Камсыздандырууну тариздөө процесси абдан жөнөкөй:
-
MBANK колдонмосун ачыңыз;
-
«Кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Камсыздандыруу» кызматын тандаңыз, андан соң «Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу» кызматын табыңыз;
-
«Камсыздандырууну тариздөө» баскычын басып, шарттары менен таанышыңыз;
-
Сапар тууралуу маалыматтарды жазыңыз: сапардын түрү, өлкө, эс алуунун түрү ж.б.;
-
Өзүңүзгө ылайыктуу коргоо түрүн тандаңыз (медициналык жардам, жүктү коргоо же каттамдын кечиктирилиши/токтотулушу);
-
Жеке маалыматтарыңызды жазыңыз;
-
Даяр! Полисиңиз таризделди.
Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу — сапар учурундагы коопсуздугуңуздун маанилүү бөлүгү. Аны ар бир саякатка даярдыктын милдеттүү кадамына айландырыңыз!
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы.