Орусиядагы кара тумоо: Кыргызстан чек арада көзөмөлдү күчөттү
Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө. Санитардык-карантиндик пункттар мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп жаткан адамдарга, транспорт каражаттарына жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүп, жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу инфекциялардын өлкө аймагына кирип келишине жана жайылышына жол бербөөгө багытталган профилактикалык иш-чараларды камсыз кылат.