Abank_oct
SerepTV Logo

Бизнес үчүн «777» аманаты: MBusiness’те 7 күнгө жылдык 7% чен

Бизнес үчүн «777» аманаты: MBusiness’те 7 күнгө жылдык 7% чен

MBusiness жеке ишкерлер жана компаниялар үчүн жаңы каржылык өнүм — кыска мөөнөттүү «777» аманатын ишке киргизди. Улуттук валютадагы аманат толугу менен онлайн ачылат жана бизнеске убактылуу бош каражаттарынан киреше алууга мүмкүнчүлүк берет.

Атайын шарттар

2026-жылдын 7-октябрынан 5-ноябрына чейин бул аманат боюнча жогорулатылган — жылдык 7% чен колдонулат. Өнүмдүн негизги өзгөчөлүгү — каражаттарды жайгаштыруунун кыска мөөнөтү, болгону 7 күн. Бул компанияларга капиталын узак мөөнөткө жүгүртүүдөн чыгарбай, учурдагы милдеттерине багыттоого мүмкүндүк берет.

Аманаттын негизги шарттары:

  • Мөөнөтү: 7 күн;

  • Валютасы: сом (KGS);

  • Суммасы: 10 000 сомдон 500 млн сомго чейин;

  • Аманаттардын саны: чектелбейт;

  • Өзгөчөлүктөрү: аманатты толуктоо жана каражаттарды жарым-жартылай алуу каралган эмес.

Аманатты банкка келбестен — MBusiness колдонмосунда онлайн ачууга болот. Аманат мөөнөтүнөн мурда жабылган учурда чегерилген пайыздар төлөнбөйт.

Өнүм MBusiness’тин жаңы жана учурдагы кардарлары — жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга, Кыргыз Республикасынын резиденттерине жана чет өлкөлү жарандарга жеткиликтүү. Жылдык 7% атайын чен 2026-жылдын 5-ноябрына чейин колдонулат.

MBANK — биринчи санарип. Кыргызстандын өнүмү!

КР УБ №014 лицензиясы.

 

SEREP MEDIA